Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси кармалды

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жарандардан түшкөн арыздарды кароонун алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалды. 

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган Р.А.Т узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн рыноктордо иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган. Мындан тышкары,  соода жайларын бир эле адамдарга бир нече жолу сатуу фактылары башка ишкерлерге өткөрүп берүү коркунучу менен аныкталган.

Чогултулган материалдардын негизинде, кылмыш ишинин алкагында Р.А.Т.га таандык турак-жай жана коммерциялык объектилерди кармоо жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

УКМК Каракол шаарынын тургундарын жана ишкерлерин кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган болсо КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына  кайрылуусун өтүнөт.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты