Каракол шаарында бир катар күрөөканалар иши убактылуу токтотулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Каракол шаарындагы күрөөканаларды текшерди. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 16 күрөөканага мөөр басылып, калгандарын текшерүү улантылууда.

Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө айрым күрөөканалар «Күрөөканалардын иши жөнүндө» мыйзамынын жана өкмөттүн 2017-жылдын 8-июлундагы №353 токтому менен бекитилген «КРнын аймагында күрөөканалардын ишин уюштуруунун минималдуу талаптары жөнүндө» жобонун талаптарын аткарбагандыгы аныкталган.

Алар күрөө катары жарандык паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды ж.б. катташкан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 16 күрөөканага мөөр басылып, калгандарына карата текшерүү иш-чаралары улантылууда.

Ошол эле учурда белгиленген пайыздык чендердин (30% дан жогору эмес) ашыкча бааланышына жол бербөө жана 2013-жылдын 24-июлундагы № 163 «Сүткорлук иш-аракетин чектөө жөнүндө» мыйзамын так сактоо максатында, ломбарддардын ээлери жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты