Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланды
- 2 года мурун
Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий түрдө жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-январда маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэрине тапшырылды.
«Мындай макам менен Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат. Эл аралык деңгээлде өтө турчу иш-чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздоо максатында Кыргызстандын Маданият министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат», — деп айтылат маалыматта.
КМШнын маданий борборун жарыялоо Шериктештик өлкөлөрүнүн маданий дараметтерин бириктирүү жана диалогду өнүктүрүү болуп эсептелет.
Каракол – Ысык-Көл облусунун борбору жана Кыргызстанда чоңдугу боюнча төртүнчү шаар. Мурда ал Пржевальск деп аталган. Маал-маалы менен туристтер үчүн мыкты багыт аталып турган шаар 2019-жылы 150 жылдыгын белгилеген.