Каракол шаары 2022-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болот

  • 2 года мурун

Каракол шаары 2022-жылы КМШнын маданий борбору болот. Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдиргендей, Каракол эстафетаны Тажикстандын борбору Душанбе шаарынан өткөрүп алган.

Шериктештиктин 2022-жылдагы маданий борборун жарыялоо аземи 18-декабрда Душанбедеги Садриддин Айни атындагы опера жана балет театрында өттү.

Иш-чара учурунда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Медер Соорбеков Каракол үчүн 2022-жыл социалдык жана маданий, деги эле бардык жактан алганда көрүнүктүү болорун белгиледи.

ТИМдин маалыматына караганда, КМШнын маданий борборун жарыялоо Шериктештик өлкөлөрүнүн маданий дараметтерин бириктирүү жана диалогду өнүктүрүү болуп эсептелет.

Каракол – Ысык-Көл облусунун борбору жана Кыргызстанда чоңдугу боюнча төртүнчү шаар. Мурда ал Пржевальск деп аталган. Маал-маалы менен туристтер үчүн мыкты багыт аталып турган шаар 2019-жылы 150 жылдыгын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты