Каракол муниципалдык жол чарба ишканасынын экс-директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды
- 12 месяцев мурун
Каракол шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык оңдоодо жана сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын экс-директору Д.Э.Э. кызмат абалынан кыянат пайдаланып, 2023-жылдын августунда Жакыпов көчөсүнүн 660 метр капиталдык ремонтуна «Г-У» ЖЧКсынын жетекчиси Г.Ш.Г. менен бирге 24,5 млн. сом суммасында сатып алуу жол-жоболорун бузуу менен түз келишим түзгөн.
Мындан тышкары, аталган участоктогу оңдоо иштери сапатсыз материалдарды колдонуу менен, ошондой эле 3 млн.62 миң сомго жумуштун көлөмүн жогорулатуу менен аткарылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору Д.Э.Э. жана курулуш ишканасынын жетекчиси Г.Ш.Г. кармалып, 2 айга Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




