Каракол-Эңилчек автожолу убактылуу жабылды
- 8 месяцев мурун
16-18-февралда кар калың жаап, унаа жолдун 82-112-чакырымына кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин жабылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Катуу бороон болуп, аралык жакшы көрүнбөгөндүгүнө байланыштуу кар көчкүнү тазалоо иштери убактылуу токтотулду.
Сүрөт: ӨКМ архивинен
Муну бөлүшүү