Каракол аэропортунун аэровокзал курулушуна капсула салынды  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун аэровокзалынын курулушуна капсула салды. Аэровокзал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилмекчи.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаралар планында «Каракол» эл аралык аэропортунун жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен «Каракол» аэродромунун элементтерин реконструкциялоо, ошондой эле «Каракол» эл аралык аэропортунун терминалдык комплекстин жаңы имаратын куруу каралган.

Жаңы терминалдын курулушу Каракол аэропортуна чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эл аралык каттамдар менен жүргүнчүлөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты