Каракчылык менен кол салууга шектелген жаран кармалды

  • 10 месяцев мурун

8-октябрда кылмышка шектүү катары изделип жаткан Ж.уулу Н. Бишкек шаарынын Шопоков көчөсүндөгү кафелердин биринен кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган, бир нече жолу оор кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде каракчылык, киши өлтүрүүгө аракет кылуу, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо. Ал кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта болгон.

Соттун чечими менен жаран Ж.уулу Н. Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине эки айга камалды.

ИИМ шектүү катышты делген кылмыш ишинин чоо-жайын мындайча баяндады:

«Бишкекте 2022-жылдын август айында 7-апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Роснефть» май куюучу жайынын жанынан белгисиз адамдар унаанын ээсине күч колдонуп, “Мерседес-Бенц G400” (Гелендваген) үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Унаа мурда криминалдык төбөлгө таандык болгон, кийинчерээк башка адамдарга сатылып кеткен.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси «Каракчылык» боюнча кылмыш иши козголгон. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз ишке тиешеси бар мурда соттолгон төрт адам кармалган. Ошол эле учурда жашырынып жүргөн төртүнчү шеригин бир нече айдан кийин кармашкан. Уурдалган унаа ошол жылдын август айында табылып, ээсине кайтарылган.

Сот айыпталуучуга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлүп, соттук отурумда кармалгандардын айрымдарына баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок алардын бири үй камагынын шарттарын бузуп, соттон качып кеткендиктен ага издөө жарыяланган» деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты