Карагандыда белгисиз затка ууланган балдардын экөөнүн абалы өтө оор

  • 9 месяцев мурун

1-августта Караганды облусунун атайын кызмат көрсөтүү борборунда белгисиз затка ууланып, ооруканага жеткирилген 14 баланын алтоо реанимацияда жатат.

Бул тууралуу бүгүн казак өкмөтүнүн жыйынында саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Буга чейин Караганды облусунун акимчилиги ооруканага 12 бала түшкөнүн маалымдаган.

Министрдин айтымында, реанимациядагы балдардын экөөнүн абалы өтө оор. Жагдайдын оордугу – неврологиялык жана интоксикациялык синдромго, дем алуунун жеткиликсиздигине байланыштуу болууда.

«Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы, лабораториялык маалыматтар, оорунун өнүгүү мүнөзү бул тамак-аштан уулануу эмес экенин көрсөтүп турат. Жугуштуу оору жок. Алар белгисиз уулуу зат менен катуу ууланган болушу мүмкүн. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат, балдардын абалы министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө»деди Гиният.

30-июлда Караганды облусунун атайын кызмат көрсөтүү борборунда алгач эки бала, кийинки күнү калгандары ууланып, ооруканага жеткирилген. Балдардын дене табы көтөрүлүп, кусуп, ичи өткөн. Каза болгон бала 13 жашта болгон. Учурда жети жабырлануучу ооруканадан чыгарылып, алты бала реанимацияда.

Жалпысынан мекемеде 160 бала жашайт.

Бул окуядан кийин «Оор кесепеттерге алып келген санитардык эрежелерди же гигиеналык нормаларды бузуу» беренеси боюнча иликтөө башталды. Облустук атайын социалдык кызмат көрсөтүү борборунун 12 медицина кызматкери жумуштан убактылуу четтетилди.

Сүрөт: Атайын кызмат көрсөтүү борборунун имараты. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты