Караганды облусунда жол кырсыгында кыргызстандык эки жаран жабыркады
- 2 месяца мурун
3-декабрда Астана–Караганды–Алматы автожолунун 490-чакырымында Казакстандын Караганды облусунун Актагай аймагында жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары — 43 жаштагы Ж.М. жана үч жашар Б.А. жабыркаган.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучулар Казакстандын Караганды облусундагы Приозерск шаардык ооруканасына жеткирилип, учурда тиешелүү медициналык жардам алууда.
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жабыркагандар, ошондой эле аталган медициналык мекеменин администрациясы жана дарыгерлери менен тыгыз байланышта болуп, зарыл көмөк көрсөтүүдө.
Аталган маселе ТИМ жана элчиликтин көзөмөлүндө тургандыгы кабарланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




