Кара-Сууда жерди мыйзамсыз берүүгө шектүүлөр кармалды
- 1 год мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кара-Суу районунун прокуратурасы жана ички иштер башкармалыгы менен биргеОш облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренесинин 1-бөлүмүндө (Кызматтык жасалмачылык) жана 339-беренесинин 4-бөлүмүндө (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айыл чарба, жер маселелери жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Б.Ш.А., Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башкы адиси Т.А.П., агрардык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары А.М.М. жана коомдук комиссиянын мүчөлөрү Б.О.Н., Ю.И.М. Ош облусунун «Ачы» участкасындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.
2025-жылдын 3-июлунда жогоруда аталган адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилди.




Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




