Кара-Сууда жасалма акча сатууга аракет кылган эки жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 миң 700 АКШ доллар өлчөмүндө жасалма акча сатууга аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-мартта Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүнө ири суммадагы жасалма АКШ долларын сактап, сатууну көздөп жүргөндөр тууралуу маалымат түшкөн.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Ош облусунун Алай районунун 36 жаштагы тургуну Н.Т. кармалып, жанынан 100 долларлык купюрадан 50 даана табылган. Кийин Жалал-Абад облусунун А.Б. аттуу тургуну кармалып, анын чөнтөгүнөн 100 долларлык купюрадан жетөө чыккан.

Кармалгандарга карата Жазык кодексинин 233-беренеси (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты