Дагы бир окуучу Кара-Суу районунда ур-токмоктон каза тапканын депутат билдирди
- 1 месяц мурун
Кара-Суу районундагы №39 мектепте дагы бир окуучу бала мектептеги рэкетчиликтен, ур-токмоктон көз жумганы тууралуу бүгүн, 13-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев билдирди.
-Кечээ Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл өкмөтүнүн Каратай айылындагы №39 мектепте 9-класстын окуучусунун өмүрү кыйылды. Бул окуя кандай болду? Турдубаев Адилет жогорку класстын төрт окуучусу тарабынан сабалган, туалетте болгон окуя, мына рэкетчилик. Төрт бала рэкетчилик кылып, сабаган. Бир жарым сааттан ашык бала туалетте жаткан. Директор, мугалимдер муну жашырып жатыптыр,-деди депутат.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 12-февралда Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 мектепте окуучу бала каза тапканы боюнча кылмыш ишин козголгонун билдирди.
Күбөлөрдөн айтымында, окуучулар арасында мушташта 9-класстын окуучусу эсин жоготуп, каза болуп калган. Шектүү катары ошол эле мектептин окуучусу Р.Н. кармалып, убактылуу камак жайына камалган.
Бишкек шаарынын “Жал” кичи районундагы №72 мектептин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калгандыгы айтылды.
Мектеп директору Дамира Назаркулова окуучу бала өзү жыгылып кетип каза тапкан деген маалымат алганын айтууда.
Баланын атасы Дөөлөтбек Айтбаев уулу жогорку класстын окуучуларынын ур-токмогунан каза болгонун билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан