Кара-Сууда чет элдик жарандан акча опузалоого шектүү кармалды

  • 2 месяца мурун

17-февралда чет элдик жарандан акча опузалоого шектүү катары Кара-Суу районунун 1971-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.    

Маалыматта айтылгандай, Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын жараны 1969-жылы туулган Л.Ч арыз менен 12-февралда кайрылган. Анда Азам аттуу жаран “58 миң АКШ долларын беришиң керек” деп коркутуп, опузалап акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, топтолгон материалдын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты