Кара-Суу жана Ноокат райондорунда майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды

  • 2 месяца мурун

Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы майнинг-фермалардын (криптовалютаны өндүрүү) мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык  жабдуу аныкталып, алынды.

Аталган майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Жогоруда аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкка берүү пландалганы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты