Кара-Суу районунун Падаван айылында курулуп жаткан имараттан чыккан өрт өчүрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун Падаван айылында курулуп жаткан имараттан өрт чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “112” кызматына маалымдалган.

Өрттү өчүрүүгө Кара-Суу райондук №102 өрттөн куткаруу бөлүмүнөн өрт өчүрүү унаасы барган. Күчөтүлгөн тартипте жалпы үч унаа жана автошаты иштеген.  

Тилсиз жоо саат 19:50дө өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн аянты 144 чарчы метрди түзгөн.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты