Кара-Суу райондук администрациясынын башкы бухгалтери пара менен кармалды

  • 5 месяцев мурун

45 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери А.А.И. пара менен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ал кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“опузалап пара алуу”) негизинде кылмыш иши козголду. Атайын иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.А.И. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты