Кара-Суу райондук аскер комиссариатынын кызматкери алдамчылыкка шектелүүдө

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 17-сентябрда Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы менен бирдикте Коргоо министрлигинин Кара-Суу райондук аскер комиссариатынын аскер кызматкери А.Д.М. козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүндө («Кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө алдамчылык») каралган кылмыштын негизинде кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

 А.Д.М. КР Коргоо министрлигинин Сузак райондук аскер комиссариатынын кызматкери катары үч жарандан 83 миң сом алып, алардын уулдарын альтернативдик кызматка чакыруу милдетин алган.

Кармалган жаран Жалал-Абад ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты