Ташиев Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтө турганын билдирди

  • 6 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтө турганын билдирди. Бул тууралуу ал 27-январда аталган базардын сатуучулары менен жолуккан учурда айтты.

Атайын кызматтын башчысы Кара-Суу базарын ар кандай көлөмдө ээлеп алган «байлардын» жерлери кайтарылып, мыйзам чегинде тартипке салынарын белгиледи.

«Мыйзамдын чегинде бардыгын тартипке салабыз. Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор түзүлөт. Эки-үч сотыхтан кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү жерлерди менчик катары бөлүп беребиз… Мунун бардыгын мамлекет жасайт, мамлекеттин колунан келет, мамлекет бутуна туруп калды азыр. Эч кандай байлар, криминалдар, акчасы көптөр коркута албайт. Эч кимди эч ким сатып ала албайт азыр. Мурдагыдай сатылып кете турган адам жок, сатыла турган аким, каттоо кызматы болбойт«, — деди Ташиев.

Ошондой эле, ал курулуш иштери жаз келери менен башталарын, биринчи соода борборлору ушул жылдын күз айларында бүтө турганын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты