Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Аяз Баетов коомдук башталышта президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
8-сентябрда Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулуп, Бириккен Улуттар Уюумундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалган.
Сүрөттө: Аяз Баетов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




