Кара металл сыныктарын, калдыктарын жана куймаларын Кыргызстандан ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 9 месяцев мурун

Министрлер Кабинети кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге төрага Адылбек Касымалиев кол койгондугу тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.  

Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты