Кара-Кулжадагы жер көчкү тазаланууда

  • 2 месяца мурун

Кара-Кулжадагы жер көчкү тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагынын Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 5-чакырымында бүгүн, 19-декабрь күнү жер көчкүнү тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылды.

Белгилей кетсек, 7-декабрда Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун Көк-Жар тилкесине жалпы көлөмү 12 000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калган.

Көчкүдөн жабыркагандар жок жана жергиликтүү эл Шаркыратма айылы аркылуу айланма жол менен өтүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты