Кара-Кулжада башкы адис Кыргызстан паспортун Өзбекстандын эки жаранына бергени үчүн кармалды   

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 20-октябрда Ош облустук Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси О.Т.А.ны кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

О.Т.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун Өзбекстандын эки жаранына акчалай сыйакы үчүн бергени аныкталды.

Кармалган киши жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 330- беренесинин 2-бөлүгү (пПаспортту мыйзамсыз берүү) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты