Кара-Кулжа – Сары-Булак жолунда жер көчкү түштү

Бүгүн, 8-декабрда, Ош облусунун жер көчкү түшкөн Кара-Кулжа – Сары-Булак ички чарбалык унаа жолу тазаланууда.  

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-декабрда, саат 17:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа-Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган.

Жабыркагандар жок. Учурда унаалар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен жүрүүдө. Жеринде ИИМ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган.

Бул аймакта 2022-жылдын 14-июнунда жер көчкү кооптулугу жогору болгондуктан ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыккан.

Бүгүн, 8-декабрда №26 ЖТИ тарабынан техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт. Кошумча маалымат берилет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты