Кара-Көлдө унаа каражаттарын мыйзамсыз каттоого шектелген кызматкер кармалды
- 1 год мурун
Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги менен бирге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кара-Көл секторунун адисин автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз каттагандыгы үчүн кармады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери документтер боюнча Россия аймагынан Кыргыз Республикасына ташылып келинген делген жүк ташуучу транспорт каражаттарын акчалай сыйлык үчүн мыйзамсыз тариздегени аныкталган.
Бирок, текшерүү көрсөткөндөй, бул транспорт каражаттары Казакстанда бажыдан өткөрүлгөн, анда Бурабай протоколуна ылайык, жүк ташуучу автомобилдерге алып келүү алымынын төмөндөтүлгөн ставкасы (10%) колдонулат. Мындай транспорт каражаттары шарттуу чыгарылган деп таанылат жана кайра декларациялоосуз, бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жана «ЕАЭБ товары»статусун тастыктамайынча, башка мамлекеттин органдарында катталышы мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, аталган кызматкер акчалай компенсация алуу үчүн транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузуу менен мыйзамсыз түрдө жүк ташуучу фураларды жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарга айландырган.
Аталган факты боюнча Кара-Көл секторунун адиси кармалып, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




