Кара-Көл шаарынын экс-мэри жана бир катар кызмат адамдары кармалды  

  • 3 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы социалдык объекттин курулушунда мыйзам бузууларга жол берилген фактыларды аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2024–2025-жылдары «Жетинчи» кичи районунда турак жайга муктаж болгон 32 үй-бүлөнүн жашоосуна  ылайыкталган көп батирлүү турак үйдүн курулушу аяктаган.

Аталган объект мурда Кара-Көл шаарынын мэриясынын балансында болуп, пайдаланууга жараксыз, көп убакыт пайдаланылбай келген.

УКМК курулушту аяктоо иштерин жүргүзүү учурунда мыйзам талаптары бузулганын белгиледи. Курулуш жана жасалгалоо иштерине тендер өткөрүү тартибинде, ошондой эле курулуш нормалары жана эрежелери боюнча көзөмөлдөөдө жана атайын техникалык корутунду даярдоодо мыйзам бузууларга жол берилген деп айтылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 9 миллион 985 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында төмөнкү адамдар кармалды:О.Н.О. – Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри, К.М.С. – аталган мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы, М.А.А. – муниципалдык менчик башкармалыгынын курулуш боюнча мурдагы адиси, И.М.А. – курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адис.

Аталган адамдар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө улантылууда

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты