“Кара-Булак” эко-резорт эс алуу жайынын ээси кармалды
- 10 месяцев мурун
“Кара-Булак” эко-резорт эс алуу жайынын ээси, Э.Ш.Ж. айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча мыйзамсыз коммерциялык объекттерди куруу фактысы боюнча кармалды.
“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «ЭЭ» ЖЧКсынын директору, «КБ» эко-резорт эс алуу жайынынын ээси Э.Ш.Ж. Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагында жалпы аянты 6,1 га болгон жайыт жерлерин өзү билемдик менен ээлеп алгандыгы жана капиталдык курулуштарды, тагыраагы 15 конок үйү, банкеттик залдары бар мончолорду, ресторан, эки кабаттуу административдик имаратты, банкеттик залды, 3 кабаттуу курулуп бүтө элек имаратты, кабиналарды, беседкаларды жана башка чарбалык курулуштарды курдурганы аныкталган” деп айтылат билдирүүдө.
«Жогоруда аталган объектилер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерисиз курулган, ошондой эле жер участогун трансформациялоо жана кадастрлык органдарда каттоодон өткөрүү жок, бул Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат» деп белгиленди маалыматта.
1-сентябрда эс алуу жайынын ээси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда жогоруда аталган факты боюнча башка шериктештерди, анын ичинде кызмат адамдарынын ичинен дагы аныктоого багытталган кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




