Кара-Балтада контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган ишкана аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) финансы министрлигине караштуу алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана контролдоо боюнча мамлекеттик салык кызматынын департаментинин кызматкерлери менен бирге «О» ЖЧКсынын жасалма алкоголдук продукциясын өндүрүү жана сатуу ишине бөгөт койду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

17-мартта Кара-Балта шаарынын «О» ЖЧК заводунун ичинен акциздик маркалар менен 15 000 бөтөлкө өлчөмүндөгү даяр алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылды.

Тинтүү учурунда андан тышкары 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер (пробка, фирмалык этикетка ж.б.) табылды.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты