Кара-Балта шаарынын мэри жана башкалар коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кара-Балта шаарынын мэри жана башка кызмат адамдарына жана аткаруучу жетекчилерине автобус, атайын техника ж.б. алып келүү боюнча коррупциялык факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, мэриянын кызмат адамдары Кытай өлкөсүндө чыгарылган 17 даана автобусту жогорулатылган баада сатып алышкан.

“Жүргүзүлгөн аудиттик текшерүү иштеринин натыйжасында, автобустарды сатып алуудан мамлекеттик бюджетке 17 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган. 2025-жылдын 30-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кара-Балта шаарынын мэри «М.Ж.» жана «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жетекчиси «С.Ш.» кармалып, КР КЖК 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди” деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Кара-Балта шаардык мэриясына мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген 1 млрд сомдун алкагында аткарылган иштердин актыларын талдоо учурунда жолдун үстүн оңдоо иштерин жүргүзгөн аткаруучу ишканалардын биринин жетекчиси, мыйзамсыз түрдө интернет-блогерлерин жалдап, ар кандай чагымчыл видео тасмаларды таратуу менен, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупциялык схемаларды жоюу иштерин каралоого аракет кылган.

Тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, айрым интернет-блогерлер тарабынан акчалай сыйлык алуу үчүн чагымчыл аракеттерди уюштуруу жана УКМК кызматкерлерине шантаж жасоо аракеттери катталган. Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде «Плаза» аткаруучу ишканасынын жетекчиси М.М., блогерлер Ю.Н., Ж.Ж., Б.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү үчүн ар бирине бөлүнгөн 1 млрд. сомдук акча каражаттарын сарптоодо мыйзамдуулукту жана сарамжалдуулукту текшерүү боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты