Кара-Балта шаарындагы «Кыргыз почтасынын» имараты мамлекетке кайтарылды
- 2 месяца мурун
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Кыргыз почтасы» ишканасынын Жайыл райондук филиалынын имараты мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2005-жылы айрым кызмат адамдары «Кыргыз почтасы» ААКнын административдик имаратын жеке адамга мыйзамсыз менчиктештирүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган имарат ыктыярдуу түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди. Объекттин сметалык баасы 500 млн сомду түздү»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантып жатканын билдирди.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы