Кар каптаган Арпа, Ак-Сай жайлоолорундагы малчыларга жардам көрсөтүлгөнү айтылды
- 1 месяц мурун
31-майда Нарын облусунда аба ырайы кескин өзгөрүп, жааган кардын кесепетинен Арпа жайлоосунда малчы калып калгандыгы тууралуу “112” кызматына кабарлаган.
1-июнда, таңкы саат 05:15 чамасында Нарын башкармалыгынын башчысынын орун басары Алыкеевдин жетекчилигинде үч куткаруучу ыкчам тобу жеринен абалды көзөмөлдөөгө жана жергиликтүү беш тургун жөнөп кетишкен.
Малчыларга Казыбек айыл аймагынын башчысы жүк ташуучу эки Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен чөп (тоют) жеткиришкен.
Ак-Сай жайлоосуна чыккан 6 адамга ат-башылык куткаруучулар чегарачылар менен бирге жардам көрсөтүшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги(ӨКМ) кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү