Кар көчкү түшүшү күтүлөт  

  • 4 недели мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ)караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 6-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Кар көчкү Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында, Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;

Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты