Кар көчкү түшүүсү күтүлөт

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүндө эртең, 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал:

Кар көчкү жана кар түрткү төмөнкү ашууларда күтүлөт:

— Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;

— Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;

— Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн жана кар күрткүсү топтолот.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектөө зарыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) алыска жол тартуунун зарылдыгы болбосо, сапарды башка күндөргө жылдырууну сунуштайт. “Эгер жолго чыксаңыз, дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, ысык суу, дары-дармек алууну унутпаңыз. Кырсыктын күбөсү болсоңуз, токтоосуз “112” кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат” деди ӨКМ.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 8-декабрда күндүз жана 9–10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда жаан-чачындын күчөшү күтүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты