Сак болуңуз, кар көчкү түшүшү күтүлөт
- 1 месяц мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-марттан 18-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал экенин экскертти.
15-марттан 18-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында, Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында, Доллн ашуусунда Долон ашуусу, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290-жана 326-349-чакырымдарында, Көк-Арт ашуусунда жана Каракол Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашууда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




