Кант шаарынын экс-мэри Эркин Абдрахманов көз жумду

  • 2 года мурун

Кант шаарынын мурдагы мэри Эркин Жумабекович Абдрахманов мезгилсиз, 49 жаш курагында көз жумду.

Бул тууралуу Кант шаарынын мэриясы билдирди.  

Эркин Абдрахманов 1973-жылы 20-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

2013-жылы СДПК фракциясынан Кант шаарынын мэри болуп шайланган. Ал 2020-жылга чейин Кант шаарынын мэри болуп эмгектенген.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты