Кант шаарында жол кырсыгынан бир киши каза болуп, үчөө жаракат алган   

  • 3 месяца мурун

21-майда саат 23:53 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) нөөмөт бөлүмүнө Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Кант шаарындагы Куренкеев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, автоунаа турак жайды сүзүп, өрттөнгөн .

Бул тууралуу Чүй облустук башкы башкармалыгы билдирди.

Каттоого алынган маалымат боюнча, райондук ИИБ ыкчам-тергөө тобу чыгып, төмөнкүлөрдү аныктаган: 21-май күнү болжол менен саат 22:45 чамасында 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран кара түстөгү «Mercedes-Benz S-Class»  автоунаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай, Кант шаарындагы Куренкеев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактан түз өтүп кетип, тиш дарылоо жайын сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаанын айдоочусу А.А., жүргүнчүлөрү 1998-жылы туулган Н.А. жана 2004-жылы туулган А.К. ар кандай жаракаттар менен Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген.

Ал эми 1998-жылы туулган К.Ф. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты