«Кант-Курулуш» заводунун аймагында жайгашкан ишканада өрт чыкты

  • 2 месяца мурун

«Кант-Курулуш» заводунун аймагында жайгашкан ишканада өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кант шаарындагы ири өрткө кошумча саат 7:56да «Газпром» нефтебазадан 1, жалпы өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.

Белгилей кетсек, таң эрте өрт кырсыгы чыгып 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Андан соң 05:36да Кант авиабазадан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты