Канн кинофестивалында Шон Бейкердин “Анора” фильми жеңүүчү болду  

  • 2 месяца мурун

Канндагы 77-кинофестивалда америкалык режиссер Шон Бейкердин “Анора” фильми «Алтын пальма бутагын» жеңип алды.  
Жеңүүчү 25-майда кечинде кинофестивалдын жабылышында белгилүү болду.

“Анора” фильминде ойногон көпчүлүк артисттер орус тилдүүлөр, алар Марк Эйдельштейн жана Юра Борисов экени белгиленди.

Экинчи баш байгени индиялык Паял Кападиянын “Жарык катары биз элестеткен нерселер” аттуу фильми ээледи.  

Мыкты режиссерлук эмгек катары Мигел Гомиштин “Улуу саякат” фильми, ал эми мыкты сценарий катары Корали Фаржеанын “Субстанция” фильми алды.  

Эркектердин мыкты ролу үчүн Жесси Племонс “Боорукерликтин түрлөрү” фильми үчүн алды.

Аялдардын мыкты ролу үчүн “Эмилия Перес” фильминде аткаргандар Адриана Пас, Зои Салдана, Карлос Гаскон жана Селена Гомес татыктуу болду.

Калыстар тобунун сыйлыгын Жак Одиардын «Эмилия Перес» фильми ээледи.

Калыстар тобунун атайын сыйлыгына ирандык режиссер Махаммад Расулофтун “Ыйык инжирдин уругу” фильми жеңип алды.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты