Бишкек эл аралык фестивалында мыкты кино фильмге Жаабарс сыйлыгы ыйгарылат  

  • 1 год мурун

Мурда маалымдалгандай, III Бишкек эл аралык кинофестивалы 11-15-июнь күндөрү өтөт.

1994-жылдан бери илбирс Бишкек шаарынын расмий символу болуп келет. Ал кыргыз элинде ыйык жаныбарлардын бири катары белгилүү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, Бишкек эл аралык кинофестивалында Жаабарс сыйлыгы эң мыкты фильмге ыйгарылат — бул кино искусствосундагы эң жогорку жетишкендиктерди белгилөө жана табият, искусство менен улуттук мурастын терең байланышын даңазалоо.

Кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссер келет. Кинофестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6 мастер-класс жана байге фонду менен питчинг уюштурулат.

Кинофестивалдын программасына ошондой эле Борбор Азия жана эл аралык сынактар, «Ретроспектива» программасынын тасмаларынын көрсөтүлүшү, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген кинорежиссерлордун жана маданият ишмерлеринин катышуусунда панелдик талкуулар каралган.

Борбор Азиялык сынактын программасына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын кинорежиссерлорунун 11 тасмасы коюлат.

Бишкек эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 2023-жылдын 17-21-ноябрында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты