Бишкекте эл аралык кинофестиваль ачылды

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-июнда  IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышына катышты. 

Анда Адылбек Касымалиев Кыргызстанда кинематографияны өнүктүрүү, чыгармачыл индустрияларды колдоо жана заманбап маданий чөйрөнү калыптандыруу багытында ырааттуу мамлекеттик саясат ишке ашырылып жатканын билдирди. 

“Мындан 4 жыл мурда бул тармакка 80 млн сом бөлүнүп келсе, быйыл 2026-жылы 928 млн сом же 10 эседен көп бөлүнүп жатат” деди Касымалиев. 

Ал ошондой эле, кыргыз киносунун күчтүү кесиптик мектеби бар экенин, өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киноискусствосу далай элдерди таң калтырып “Кыргыз керемети” деп даңазаланганын, мына ошол улуу муундун атактуу жолун татыктуу улаш үчүн азыркы муундун күчтүү  потенциалы бар экенин канааттануу менен белгиледи. 

Бишкек эл аралык IV кинофестивалы 7-12-июнь күндөрү өтүүдө. Бул жылы Бишкек кинофестивалынын программасы дүйнөлүк жана эл аралык премьералар, актуалдуу болгон чет элдик жана Борбор Азия тасмалардын көрсөтүлүшүн, ошондой эле режиссерлор менен сценаристтер үчүн атайын практикалык тажрыйба алмашуу сыяктуу ар тараптуу багыттарды камтыйт.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты