Канн фестивалы: Кыргызстан киномаркетте 12 тасма тартуулады

  • 11 месяцев мурун
Канн фестивалы: Кыргызстан киномаркетте 12 тасма тартуулады

16-майдан 27-майга чейин өткөн Канн кинофестивалында Кыргызстандын кинематографисттери өлкөбүздүн атынан көрсөтүлгөн стендди сыймыктануу менен тартуулады.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, стенддин алкагында акыркы эки жыл аралыгында Кыргызстанда тартылган тасмалар көрсөтүлдү.

Киномаркеттин негизги катышучуулары катары Кыргызстан кинорежиссерлорунун «Эрмен жыты», «Жалгыз карагай», «Звонок с небес», «Эсимде», «Эдемге жол»,«Сальвадор Дали», «Тенирберди», «Үй сатылат», «Кийинкиси ким?», «Кара вагон», «Атасынын баласы», «Кыргыздын кыраан кыздары» сыяктуу тасмалары чыкты.

Киномаркеттеги Kyrgyz Сinema стенди «Сорос-Кыргызстан» фондунун, «Дөөлөт» курулуш компаниясынын жана «Синематика» кинотеатрлар тармагынын колдоосунда уюштурулган.

Презентациядан тышкары, учурдагы коммерциялык тасмалар жана долбоорлор туурасында маалыматты камтыган таратма буклеттер жана электрондук материалдар сунушталды.

Ошондой эле стендде кинофестивалдар, биримдиктер, ассоциациялар, гильдиялар, продакшн студиялар, кинотеатрлар, онлайн платформалар жана Кыргызстанда тасмаларды жаратууда жагымдуу болуп саналган жерлер туурасында маалымат тартууланды.

Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүнүн директору Гүлмира Керимова белгилегендей, Канн кинофестивалы сыяктуу дүйнөлүк аянтчаларга катышуубуз улуттук тасма маанисин жогорулатууга, өлкө беделин көтөрүүгө жана дүйнө коомчулугунун жана кино жаатындагы кесипкөйлөрдүн көңүлүн жалпысынан кыргыз кинематографиясына бурууга көмөктөшмөкчү.

Сүрөт: «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты