Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- 3 месяца мурун
Сагынбаев Канат Латипжанович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Канат Сагынбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Башкы кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынын бошотулду.
Равшанбек Сабиров инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.
Сүрөттө: Канат Сагынбаев. gov.kg
Муну бөлүшүү




