Равшанбек Сабиров инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды
- 3 месяца мурун
Равшанбек Сабиров инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Башкы кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынын бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалды.
Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аталган кызмат ордуна дайындоо үчүн Канат Сагынбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Сүрөттө: Равшанбек Сабиров. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




