Канат Сагымбаев УКМКга баарлашууга барып келгенин билдирди

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Канат Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине баарлашууга барып келгенин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Менде баары жакшы. УКМКга профилактикалык беседага барып келдим. Кармалган жокмун.
Колдооңорго рахмат!- деди Сагымбаев.

Канат Сагымбаев УКМКга кайсы маселеге байланыштуу баарлашууга барып келгенин ачыктаган жок.

23-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаевди УКМК алып кеткени айтылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери Сагымбаевди кайсы иш боюнча алып кетип баратканын түшүндүрүшкөн жок, чакыруу кагазы дагы болгон эмес.

Канат Сагымбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып кармалган. 2022-жылы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен акталган. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты