Канат Исаев менен Айнуру Алтыбаева депутаттыкка талапкерлигин алып салды  

  • 2 года мурун

Бир мандаттуу округдардан депутаттыкка талапкер болуу арызын 9 киши кайтарып  алды. Талапкер болуудан баш тарткандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев менен Айнуру Алтыбаева да бар.

Ошондой эле талапкерлер Бакыт Бердалиев, Санжар Ибраимов, Максатбек Мамбеткулов, Жаманкул Галдыбаев, Абдисайит Каримбеков, Айбек Алыбаев, Бакыт Кыдыралиев талапкер болуудан баш тартты.    

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы Канат Исаевдин жубайы Жамиля Исаеванын шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышып жатканын жазган

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады.

БШК бир мандаттуу шайлоо округунан 321 талапкерди каттаган. Эми арыз берген 9 талапкерди алып салганда 312 талапкер калат.

Сүрөт: Интернет булактарынан. Коллаж: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты