«Канат Исаев шайлоого жалгыз эмес, жубайы жана уулу менен аттанды». Маалыматты текшеребиз

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Канат Исаевдин жубайы менен уулу алдыдагы парламенттик шайлоого эки башка партия менен аттанды деген маалымат тарап жатат.

Ал маалыматта Канат Исаевдин 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан, жубайы Жамиля Исаеванын “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан жана уулу Чыңгыз Исаевдин “Республика” партиясынан аттанып жатканы айтылат.

"Канат Исаев шайлоого жалгыз эмес, жубайы жана уулу менен аттанды". Маалыматты текшеребиз

ПолитКлиника медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү.

Сентябрь айынын аягында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Канат Исаевдин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №31 Чүй-Кемин округунан шайлоого катышуу үчүн арыз бергени жөнүндө жазышкан. Бул маалыматты тактоо үчүн БШКга кайрылганыбызда, алар арыз бергендерди шайлоого каттоо чечими талапкер акыркы документин тапшырган күндөн тартып 10 күндүн ичинде кабыл алынарын айтышты. Андыктан азырынча Исаевдин бир мандаттуу округдан талапкер болуп катталып-катталбаганын тактоого мүмкүн болгон жок. 

Жубайы “бийликчил” делген партиядан талапкер

Канат Исаевдин жубайы — Исаева Жамиля Кубанычбековна. Ал 44 жашта, экономика жана юридика багытында жогорку билимге ээ. 14 жыл банк системасында эмгектенген. 2019-жылдын 5-апрелинде ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Өкмөттүн алдындагы Сот өкүлчүлүгү борборунун директорунун орун басары болуп дайындалган. 

Жамиля Исаеванын аты-жөнүн алдыдагы аламанда ат салышчу партиялардын ичинен “бийликчил” делген “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесинен, болгондо дагы алдыңкы бештиктен кезиктирүүгө болот. 

"Канат Исаев шайлоого жалгыз эмес, жубайы жана уулу менен аттанды". Маалыматты текшеребиз

БШКнын расмий сайтында жарыяланган маалыматтарга ылайык, Исаева буга чейин дагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Тагыраак айтканда, 2020-жылы элдин нааразычылыгына, ага улай бийликтин алмашуусуна себеп болгон парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен катышкан. 

"Канат Исаев шайлоого жалгыз эмес, жубайы жана уулу менен аттанды". Маалыматты текшеребиз

Уулу Токмок шаардык кеңешинин депутаты

Канат Исаевдин уулу Чыңгыз Исаев үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо “Республика” партиясынан Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин койгон. “Республика” партиясы 7 пайыздык босого чектен өтүп, 4 мандатка ээ болгон. Бирок айрым партиялардын арызынын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, шайлоону кайрадан өткөрүү чечими кабыл алынган.

"Канат Исаев шайлоого жалгыз эмес, жубайы жана уулу менен аттанды". Маалыматты текшеребиз

11-июлда өткөн кайра шайлоого Исаев “Патриот Ынтымагы” партиясы менен катышкан. Партия шайлоодо жеңишке жетишип, 5 мандатка ээ болгон. Анын бири тизме боюнча 4-катардагы Чыңгыз Исаевге тапшырылган. Тактап айтканда, 22 жаштагы Чыңгыз Исаев — Токмок шаардык кеңешинин депутаты.

"Канат Исаев шайлоого жалгыз эмес, жубайы жана уулу менен аттанды". Маалыматты текшеребиз
Чыңгыз Исаев алдыңкы катарда оңдон солду карай үчүнчү болуп турат.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Исаевдин атасы Канат Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалаган.

Ал эми “Чыңгыз Исаев алдыдагы парламенттик шайлоого “Республика” партиясынан катышып жатат” деген маалымат чындыкка туура келбейт. Себеби, “Республика” партиясы бул жолу шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген эмес. Ага кошумча, мыйзамга ылайык, Исаевдин жашы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга жол бербейт. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конситуциялык мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо күнүнө карата жашы 25ке толгон жарандар талапкерлигин коё алат. Ал эми Исаев жогоруда айтып өткөндөй, 22 гана жашта. 

Жыйынтык: «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаевдин бир мандатуу округдан шайлоого катышуу үчүн берген арызы БШКда каралып жатат. Жубайы Жамиля Исаеванын шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышып жатканы чындык. Ал эми уулу Чыңгыз Исаев «Республика» партиясынан талапкер деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты