Каналда изделип жаткан эки жашар кыздын сөөгү табылды
- 5 months мурун
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Падаван айылынын “Кош-Таш- 2” тилкесинде “Увам” каналынан изделип жаткан эки жаштагы наристенин сөөгү кечээ, 18-апрелде саат 21: 30да туугандары тарабынан табылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы (ӨКМ) билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы туулган Б.Х. аттуу наристе кыз изделип жаткан.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү