Камчыбек Ташиевдин жеке коопсуздугун камсыздоо улантылары айтылды
- 1 месяц мурун
Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев Камчыбек Ташиевдин жеке коопсуздук чаралары камсыз кылынарын билдирди.
“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди. Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат” деп билдирди Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.
Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, бул күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан




