Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркуловдун кармалганы айтылууда
- 3 недели мурун
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тарапташы Нургазы Анаркуловдун кармалганы тууралуу ЖМК өздүк булактарына таянып билдирди.
Азырынча Нургазы Анаркуловдун кармалышынын себептери айтылган жок. Ал Казакстандан Кыргызстандын чек арасына кирип келатканда кармалганы белгиленди.
Мындан беш жыл мурда өтө чоң суммадагы пара доолаганга шектүү катары Садыр Жапаровдун маалымат кызматынын башчысы кезинде Нургазы Анаркулов кармалган. Андан кийин кызматынан бошотулган.
Сүрөттө: Нургазы Анаркулов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




