Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара опузалоо менен кармалды (Видео)

2022-жылдын 11-мартында УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, T.Б.T. аттуу жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен И.А.К. жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А.И. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

И.А.К. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүп, жеке ишкерди коркутуп, 120 миң сом акча талап кылганы аныкталган.

Кармалган жарандар кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты